57-суроо. Машаяк өзүнүн арачылыгы аркылуу кандай пайдаларды берет?

 57-суроо. Машаяк өзүнүн арачылыгы аркылуу кандай пайдаларды берет?

Жооп. Машаяк өзүнүн арачылыгы аркылуу куткарылууну жана ырайым келишиминин бардык башка пайдаларын камсыз кылат.

Ыйса Кудай менен күнөөкөрлөрдүн ортосунда ортомчу болгондуктан, Ыйса ыйыктар үчүн айкаш жыгачта өлгөн өзүнүн каны аркылуу күнөөдөн арылтат жана ишенгендердин абийирин тазалайт. Еврейлер 9:14 Тирүү Кудайга кызмат кылуу үчүн түбөлүктүү Рух аркылуу өзүн кемчиликсиз Кудайга курмандыкка чалган Машаяктын каны силердин абийириңерди өлүк иштерден дагы канча тазалайт?

Өзүнүн денесин айкаш жыгачта бир жолу курмандыкка чалган жана азыр тирилгенден кийин Кудайдын оң жагында отурган Ыйса Машайактын адилдиги ыйыктарга өткөрүлүп берилген, ошондуктан алар биротоло ыйык болушат. Еврейлер 10:10 «Ошол эрк менен биз Иса Машаяктын денесин биротоло тартуу аркылуу ыйыкталдык».

Comments

Popular posts from this blog

7-суроо. Кудай деген эмне?

55-суроо. Машаяк биз үчүн кантип арачылык кылат?

1-суроо. Адамдын эң биринчи жана эң жогорку максаты эмне?